Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын футзал курамалары жолдоштук беттеш өткөрөт

Оюндар 20 жана 22-сентябрь күндөрү борбор калаадагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт

Бишкек шаарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япониянын курама командасына каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, оюндар 20 жана 22-сентябрь күндөрү борбор калаадагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт.

Эске салсак, Таиландда болуп өткөн Азия Кубогунун "С" тайпасындагы оюндарында Кыргызстандын курамасы ошол кездеги континенталдык чемпион — Япониянын курамасын 3-2 эсебинде жеңип алган болчу.

Белгиленгендей, билеттер тууралуу маалымат жана оюндардын убактысы кошумча жарыяланат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх