Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Данияр Амангелдиев: Биз үчүн эң негизгиси – өндүрүштү өнүктүрүү

Анын айтымында, мамлекет үчүн азык-түлүк чыгаруу өтө маанилүү

Биз үчүн эң башкысы азык-түлүк өндүрүү, андан кийин киреше алуу. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет үчүн азык-түлүк чыгаруу өтө маанилүү. "Албетте, киреше маанилүү, бирок өндүрүш андан дагы маанилүүрөк. Биз үчүн өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана кошумча жумуш орундарын түзүү үчүн инвесторлорду тартуу маанилүү. Ошондуктан, жыл аягына чейин 133кө жакын ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Эгемендүүлүк күнүнө карата 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылат", - деди Амангелдиев.

Ошондой эле министр мамлекет башчынын күч-аракети дагы өндүрүштү көбөйтүүгө да багытталганын, бул кыргызстандыктардын жашоо сапатынын жакшырышына алып келерин белгиледи

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх