Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлик баланы 1-класска каттоо дагы деле уланып жатканын эскертти

Жашаган дареги кайсы мектепке туура келсе ошол билим берүү жайына каттай алат

Билим берүү министрлиги балдарды 1-класска жашаган жери боюнча (факт боюнча) онлайн-каттоо 30-августка чейин жүрөрүн эске салды.
Баласын мектепке каттай элек ата-энелер mektep.edu.gov.kg платформасына кирип, тиешелүү документтерди тиркеп, жашаган дареги кайсы мектепке туура келсе ошол билим берүү жайына каттай алат.
Белгилүү болгондой, 28-августка карата республика боюнча балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу 126 миң 578 бала катталган.
Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 2 480, Чүй облусунда – 22 107, Бишкек шаарында – 16 738 жана Баткен облусунда 12 110 бала катталган.
Баланы мектепке ата-энесинин бири же мыйзамдуу өкүлдөр гана каттай алары эскертилди

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх