Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилүүдө

Ага Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, салыкчылар жана милиция кызматкерлери да тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында атайын рейд жүргүзүүдө.

Ага Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, салыкчылар жана милиция кызматкерлери да тартылды.

Бул ирет текшерүү Ден Сяопин, Алыкулов көчөлөрүндө жана Ак-Ордо конушунда өттү. Анда өрт коопсуздук эрежеси сакталбай, күйүүчү-майлоочу майлар желим бөтөлкөлөргө куюлуп жол жээктеринде сатылып жаткандыгы аныкталды.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. Ал эми сатып жаткан жарандарга административдик чаралар көрүлмөкчү.

ӨКМ мыйзамсыз май сатуу адам өмүрүнө кооптуу экендигин, өрт чыкса жолдогу унааларга жана жакын жайгашкан үйлөргө коркунуч туудурарын айтып келет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх