Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Ош жана Баткен облустарында көмүр кендери ачылат

Учурда кенде 77 кызматкер эмгектенет

Эртең "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Баткен районуна караштуу Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан Урмизан-3 көмүр кенин ишке киргизет.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, көмүр кен 100% мамлекеттик үлүштө. Жалпы аянты 5 гектарга жетет. Ал эми инвестициялык долбоордун көлөмү 3 млн АКШ долларын түзөт. Көмүр кенде 26 жумушчу иштейт.

Ошондой эле эртең Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагында Загара-2 көмүр кени ачылат. 16,78 гектарды ээлеген бул кен да толугу менен мамлекеттик үлүштө. Инвестициялык долбоордун көлөмү 5 млн АКШ долларын түзөт. Учурда кенде 77 кызматкер эмгектенет.

Белгиленгендей, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы калкты күз-кыш мезгилине сапаттуу, арзан көмүр менен камсыздоо жана жогорку деңгээлдеги көмүр экспортуна жетишүү максатында тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх