Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дзюдо боюнча Азия чемпиону Эрлан Шеровго Бишкек мэриясы батир белек кылат

Батир Туңгуч кичи районунан менчиктештирүү жолу менен ыйгарылат

Азия оюндарынын алтын медаль ээси, дзюдочу Эрлан Шеров Бишкектен эки бөлмөлүү батир алат. Мэриянын тиешелүү долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жактырылды.

Депутаттар мэриянын "Азия оюндарынын чемпионуна муниципалдык турак жайды акысыз берүү жөнүндө" сунушун талкуусуз колдошту.
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучусу, 2023-жылкы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеровго батир Туңгуч кичи районунан менчиктештирүү жолу менен ыйгарылат.

Шеров 2018-жылы Эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү дзюдочулардын рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх