Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунда оруп-жыйноо жана жайыт маселесин талкуулаган жыйын өттү

Күн тартибинде каралган маселеде айтылган тапшырмаларды өз убагында аткаруу керектиги айтылды

Ош облусунун Ноокат районунда, айыл аймактарда муниципалдык ишканаларды түзүү, жайыт жана оруп-жыйноо маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу маалымат Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин райондук адистеринин катышуусунда өткөн жыйындын жүрүшүндө муниципалдык ишкана түзүү, жайыт маселелери, оруп-жыйноо жана тоют даярдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле муниципалдык ишканаларды түзө элек айыл аймактарга аны түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди. Күн тартибинде каралган маселеде айтылган тапшырмаларды өз убагында аткаруу керектиги айтылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх