Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто райондук милиция бөлүмдөрүнө заманбап техникалар берилди

Аймактык тескөөчүлөр жашоочулар жөнүндө маалыматтарды аталган планшеттерге киргизишип, борбордук базага улаштырышат

Кечээ Ош облусунун ички иштер башкармалыгына караган түзүмдөрдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана 1-сентябрь - Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга карата саптык кароо өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ага райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилиги, ардагерлер, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү жана башка мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Анда Кара-Суу, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен алынган заманбап планшеттер жана видеокөзөмөл камералары тапшырылды.

Аны менен катар калкыбыздын коопсуздугун камсыздоого жигердүү салым кошкон жарандар жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Аймактык тескөөчүлөр жашоочулар жөнүндө маалыматтарды аталган планшеттерге киргизишип, борбордук базага улаштырышат. Ал жерден зарыл болгон маалыматтарды ыкчам түрдө алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми видоекөзөмөл камералары коомдук жайларга орнотулат.

Белгилей кетсек, жарандардын коопсуздугун жакшыртууга багытталган заманбап санарип тармагын калыптандырып, коопсуздук жаатында эл аралык деңгээлге чыгуу боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх