Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда дыйкандар зыянкечтерге каршы күрөшүүнүн сырларын үйрөнүштү

Адистер дыйкан жана багбандар менен мөмөлүү бак-дарактардын зыянкеч, илдеттерине каршы күрөшүү боюнча окуу семинар өткөрдү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери жер-жерлерде зыянкечтерге, илдеттерге жана ооруларга карата дыйкан фермерлерге консультацияларды берип, окууларды өткөрүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул ирет мындай окутуулар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында уюштурулду. Анда адистер дыйкан жана багбандары менен мөмөлүү бак-дарактардын, кара өрүктүн карантин зыянкечи болгон тыт калканчысына жана башка зыянкеч, илдеттерге каршы күрөшүү боюнча окуу семинар өткөрдү.

Семинарга Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, айыл аймак башчылары, Жалал-Абад облустук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх