Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок – Каныбек Туманбаев

Жаңы Ак үйдүн ачылыш аземи бүгүн, 30-августта өтөт

Жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекеттин эч кимге карызы жок. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Кабар" агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн интернет булактарына жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеген айрым жумушчулардын үстүбүздөгү жылдын июль айынан бери айлык маяналарын ала албай жатышканы тууралуу видео кайрылуусу чыкты. Анда 150 адамдан турган жумушчулар тобу субподрядчы "Делюкс групп" компаниясы менен келишим түзүп, иштегендерин айтышкан.

"Интернетте арызданган жумушчулар тууралуу видео кайрылууну мен дагы көрдүм. Биринчиден, жаңы Ак үйдүн курулушу боюнча мамлекет бардык төлөмдөрдү жүргүзүп бүткөн. Башкача айтканда, биздин эч кимге карызыбыз жок. Экинчиден, "Делюкс групп" деген субподрядчы компания тууралуу маселе көтөрүшүптүр. Мен бул компания тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Андай компания менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дагы. Биз иштешкен компаниялар кандай субподрячы компаниялар менен иштегенин билбейбиз жана аларга тиешебиз жок", - деди Каныбек Туманбаев.

Эскерте кетсек, жаңы Ак үйдүн ачылыш аземи бүгүн, 30-августта өтөт. Анын курулушу 2023-жылдын жазында Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын жанындагы эски "Ысык-Көл" мейманканасынын ордунда башталган. Курулуш иштери мамлекет башчынын жеке көзөмөлүндө жүргөн. Имарат президент соцтармакта өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Ынтымак-Ордо" деп аталган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх