Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды

Аларды Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн ИИМге өткөрүлүп берилди

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Мамкомитет тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран (Бангладеш – 35 жана Пакистан-7) аныкталды.

Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх