Мамлекеттик ишмер Жаныш Рустенбековдун ысымы туулган айылындагы мектепке ыйгарылды
Жаныш Рустенбеков 2023-жылдын июль айында 74 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон
Мамлекеттик жана саясий ишмер Жаныш Рустенбековдун ысымы өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы мектепке ыйгарылды. Бул тууралуу райондун билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.
Мекеменин атын өзгөртүү боюнча тиешелүү күбөлүк Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган. Салтанатка райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, мектептин мугалимдери жана окуучулары, айыл тургундары, ошондой эле Жаныш Рустенбенковдун жакындары жана кесиптештери катышты.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, дипломат Жаныш Рустенбеков 1949-жылы Кеңеш айылында туулган. Ал мамлекеттик катчы, президенттин аппарат жетекчиси, өзгөчө кырдаалдар министри жана Ош облусунун губернатору болуп иштеген. Ошондой эле ал легендарлуу парламенттин депутаты катары да белгилүү.
Мындан сырткары, Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандагы элчиси кызматын да аркалаган.
Эске салсак, Жаныш Рустенбеков 2023-жылдын июль айында 74 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.