Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир катар билим берүү мекемелери ачылды

Ошондой эле №68 мектеп-гимназиясынын аймагындагы спорт имараты да ачылды

Бишкек шаарында 5 билим берүү мекемеси ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, шаар мэри Айбек Жунушалиев 7-кичи райондо капиталдык оңдоодон өткөн №40 бала бакчанын ачылышына катышты.

280 орунга эсептелген бала бакча эки кабаттуу, жалпы аянты 2100 чарчы метрди, аянты 1,6 гектарды түзөт.
Андан соң Ленин районунда №8 бала бакча үчүн жаңы кошумча имарат пайдаланууга берилди. Жаңы имарат Чокморов, 253дарегинде жайгашкан. Эки кабаттуу имараттын жатак бөлмөлөрү жылма керебеттер менен жабдылып, балдардын санын 220 орунга жеткирүүгө мүмкүн болду.

Ошондой эле №68 мектеп-гимназиясынын аймагындагы спорт имараты да ачылды. Курулушка бөлүнгөн участокто өзүнчө курулган 3 кабаттуу спорт имаратынын бир блогу жана газ жабдууларын колдонуу менен откана үчүн конструкция долбоорлонду.
Ак-Ордо конушунда дагы бир бала бакча эшигин ачты. Анда кошумча бош орун түзүлүп, жылма керебеттер колдонулат. Бала бакчага 280 баланын ордуна 510 тарбиялануучу кабыл алынат.

Мындан тышкары Дордой жаңы конушунда бала бакча колдонууга берилди. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх