Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кезекке катталуу керек. "Ынтымак Ордого" экскурсия уюштуруу иштерине өзгөртүүлөр киргизилди

Адамдардын электрондук кезегин карап, операторлор сиздерге автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет

"Ынтымак Ордого" экскурсия уюштуруу иштерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, президенттин администрациясынын жаңы имаратын көрүүнү каалагандар экскурсиянын биринчи күнүндө эле өтө көп болгондугуна жана бир учурда бардыгын киргизүү мүмкүн эместигине байланыштуу экскурсияны уюштуруу тартиби өзгөртүлдү. Эми экскурсияга бара тургандар алдын ала кезекке туруусу керек.

“Ынтымак Ордого” экскурсияга барууну каалагандар эртең, 3-сентябрдан тартып Абдумомунов 207 дарегинде жайгашкан президенттин администрациясынын мурдагы имаратынын түндүк-батыш тарабындагы (Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши) өткөрүү бюросуна барып кезекке туруусу керек.

Ал жакта операторлор сиздерди каттоого алып, “Ынтымак Ордосуна” саат канчага бара аларыңызды айтышат.

Мурдагы Өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар болот (Абдумомунов 207) жана экскурсияга ошол автобустар менен алып барып, кайра эски аянтка алып келишет.

Ар тараптан келген адамдардын электрондук кезегин карап, операторлор сиздерге автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет", - деди ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх