Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиядагы ири кинофестивалда "Качкын" тасмасынын бет ачары болот

1996-жылы негизделген Пусан кинофестивалы бүгүнкү күндө Азиядагы эң ири кинофестиваль

"Качкын" аталышындагы кыргыз тасмасынын бет ачары Азия чөлкөмүндө абройлуу болгон Busan International Film Festival кинофестивалында болот.

Кино тасма адам сатууга байланыштуу маанилүү көйгөйлөрдү чагылдырат. Жаңы тасмада режиссер Дастан Жапар коопсуз миграция жана заманбап кулчулук темаларын көтөрөт. Тасма Нарын, Балыкчы жана Токтогул шаарларында тартылган.

Өзүнүн "Атанын керээзи" жана "Акыркы көч" аталышындагы тасмалары менен белгилүү болгон Дастан Жапар дүйнөлүк аренага дагы бир жолу Кыргызстандын атынан чыгып, глобалдык көйгөйлөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк ачат.

Ошентип, "Качкын" тасмасы Түштүк Кореяда 2-октябрдан 11-октябрга чейин өтө турган 29-Пусан эл аралык кинофестивалында JiSeok сынагына тандалып алынган. Тасма "Эң мыкты тасма" номинациясына көрсөтүлгөн.

1996-жылы негизделген Пусан кинофестивалы бүгүнкү күндө Азиядагы эң ири кинофестиваль. Фестивалдын алкагында 80ден ашуун өлкөнүн тасмалары көрсөтүлөт. Фестиваль жыл сайын 7 миңге чейин кино адистерин жана 1,7 миң басма сөз өкүлүн тартып, келген коноктордун жалпы саны 200 миңге жакынды түзөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх