Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6,9 миң сомду түзөт

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет

2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар индексацияланат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документте айтылгандай, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-августундагы № 534 токтомуна ылайык 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди.

Ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 6 миң 900 сомдон кем болбойт деп белгиленди.

Социалдык фондго 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2024-жылдын 1-октябрынан тартып 1,18 өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине, бирок 1000 (бир миң) сомдон кем эмес индексациялоо, 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, үстөктөрдү эске алуу менен жалпы өлчөмү 6900 (алты миң тогуз жүз) сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн, үстөктөрдү эске алуу менен мындай пенсиялардын жалпы өлчөмүн 6900 (алты миң тогуз жүз) сомго чейин жеткирүүнү эске алуу менен 2024-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо, пенсиялардын базалык бөлүгүн жана пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылуу тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх