Бишкекте №30 автобус каттамы ишке кирди
Каттамга күн сайын 23 автобус чыгат
Бишкек шаарында кечээ, 4-сентябрдан тарта №30 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.
Аталган автобус каттамынын акыркы аялдамалары “Дордой” базары жана Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын жанында жайгашат.
Каттамга күн сайын 23 автобус чыгат. Алардын аралыгы 7-8 мүнөттү түзөт.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз