Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек – Ош жолунда дрондун жардамы менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда

Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга карата каттуу чараларды көрүүдө

Бишкек – Ош унаа жолунда дрондун жардамы менен жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалагынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы учурларда Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Ош унаа жолдорунда катуу ылдамдыкта айдап, карама-каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына кабылып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталууда.

Ошондуктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек – Ош унаа жолунда жол коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүп, дрондун жардамы менен жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды аныктап, аларга карата каттуу чараларды көрүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх