Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланды

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар өз пикирлерин билдиришти

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында кечээ, 5-сентябрда кеңешме өттү.

Кеңешмеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, президенттин кеңешчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалык башчылары жана тармактык бөлүм башчылары, Башкы прокурор, ИИМ орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, Аалымдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, белгилүү дин ишмерлеринин катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору талкууланып, кеңешменин катышуучулары өз пикирлерин билдиришти.

Мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырды.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушуна, диний ишмерлер жамаатташпай биримдикте иш алып баруусу керектигине көңүл бурду.

Жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен аталган мыйзамдын долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилмей болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх