Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору А.Абдыкадыров прокуратуранын иштери менен бөлүштү

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо болуп эсептелет

Бул багытта көзөмөлдө турган субъекттер тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган фактыларды болтурбоо максатында алдын алуу жана профилактикалык чараларды жүргүзүлүп келет. Аныкталган мыйзам бузуучулуктар боюнча тийиштүү прокурордук актылар келтирилип, мыйзам бузуучулуктар чететилип, күнөөлүү адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлүп келүүдө.

Бишкек шаарынын прокуратура органдарынын бул багытта 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 97 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 22 каршылык билдирүү, 62 сунуштама, 13 талап, 5 эскертүү келтирилип,
5 тартиптик, 7 укук бузуу өндүрүшү, 2 кылмыш иши козголуп, 31 068 467 сом өндүрүлгөн. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 69 адам тартиптик жана 6 адам административдик жоопкерчиликке тартылган.

Мисалы, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо багытында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде (мындан ары - Министрлик) текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, Министрликтин тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, өздөрүнө жана башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды көрүү максатында,“М.А.Р.К.К.А.” коомдук бирикмесинин жетекчиси менен биргелешип, майып аялдарды окутуу жана жумуш орду менен камсыздоого багытталган коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди түзүшүп, бирок тийиштүү иш чаралар жүгүзүлбөй, мамлекет тарабынан берилген акча каражаттар өз багыты боюнча жумшалбай, жасалма документтер түзүү менен мыйзамсыз чыгышталып, акча каражаттар жеке кызыкчылыктарга пайдаланып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 млн. 440 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан Министрликтин жана “М.А.Р.К.К.А.” коомдук бирикмесинин жооптуу кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх