Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык клиникалык ооруканасына 5 млн долларлык меджабдуулар берилет

Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн

Күн мурун саламаттык сактоо министри жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасында болуп, жаңы курулуп жаткан клиникалык-диагностикалык бөлүмдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Оорукананын директору Шаят Абдурахманов министрге курулуш иштери 90%га бүтүп, сентябрь айынын аягына чейин толугу менен бүтөрүн билдирди. Бул бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кытай грантынын алкагында оорукана 5 млн долларлык медициналык жабдууларды алат. Ал эми кыргыз тарап консультациялык-диагностикалык бөлүм үчүн өзүнчө имарат куруп бериши керек болчу.

Мындан тышкары, министр 300 орундуу көп функционалдуу оорукананын имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалып, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 6 633,5 м2 болгон оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, көз, урология, эндокринология жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, ашкана, кир жуучу жай, кампалар болот.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх