Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мамлекеттик туунун авторлорунун бири акыркы сапарга узатылды

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кечээ, 8-сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, КР сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, жакындары жана замандаштары катышты.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх