Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте органикалык продукциялардын жана техникалардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Айыл чарба министрлиги шаардыктарды 20-22-сентябрь күндөрү өтө турган көргөзмө-жарманкеге чакырат

20-22-сентябрда Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана техникалардын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө-жарманкеге коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер (өрүк, алма, алмурут жана башка), кургатылган жемиштер, жаңгактар, ширелер, кыямдар, консервалар, пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал, аары продуктылары жана башкалар коюлат.

Айыл чарба министрлиги шаардыктарды 20-21 жана 22-сентябрь күндөрү өтө турган көргөзмө-жарманкеге чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх