Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору толук ишке кирди

Эреже бузгандарга айып пул салынат

16-сентябрдан тарта Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору толук ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, эреже бузгандарга айып пул салынат.

Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:

ылдамдыкты ашырууда;
маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
каршы жол тилкесине чыгууда;
коопсуздук курун тагынбаганда;
жөө жүргүнчүлөргө жол берилбегенде;
жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;
жол белгилерине маани берилбеген учурда;
"стоп" сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;
тротуарга унааны токтоткондо.

Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх