Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл. Москвада шахмат боюнча мелдеш өттү

Иш-чарага 50гө жакын кыргыз жараны, анын ичинде балдар катышты

14-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мекендештер арасында шахмат боюнча мелдеш уюштурулду.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, элчилик тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага 50гө жакын кыргыз жараны, анын ичинде балдар катышты. Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубок, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыздын маданий мурасын даңазалоо максатында элчиликтин аймагында боз үй тигилип, иш-чара концерттик программа коштолуп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Келген коноктор кыргыздын улуттук тамак-ашынандаам татты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх