Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот тутумунун 100дөн ашык ардагери медалдар менен сыйланды

Жогорку соттун Пленумунун токтому менен 100дөн ашуун мурдагы судьялар сыйланды

Бүгүн Жогорку сотто сот тутумунун 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалдарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Мааракелик иш-чаранын алдында сот тутумунун ардагерлеринин эмгегин жогору баалап, Жогорку соттун Пленумунун токтому менен 100дөн ашуун мурдагы судьялар сыйланды.

Төрага Замирбек Базарбеков куттуктоо сөзүндө КР сот тутумунун калыптануу жана өнүгүү жолу өлкө тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана жалпы мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү орунду ээлейт деп белгиледи.

"Бүгүнкү муун мурдагылардын эмгегин жогору баалайт. Сот системасынын кызматкерлери өмүрүн сот адилеттигине арнаган жана судьялардын бир нече муунун татыктуу тарбиялаган отставкадагы судьяларга ыраазычылык билдиришет", - деди Базарбеков.

Мындан тышкары, Жогорку соттун аппаратынын бир катар кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх