Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болот – Бишкек мэриясы

Учурда кошумча жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө

Бүгүн, 18-сентябрь саат 16:00дөн тарта Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн эки тараптуу болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөдө унаалар эки тарапка Сүйүмбаев көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо иштери аяктаганга чейин жүрө алат.

Учурда кошумча жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх