Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

2025-жылдан баштап Подмосковьеде мигранттардын патент менен иштөөсүнө тыюу салынат

Ошондой эле Масленкина бош калган орундарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары орношо аларын белгилеген

2025-жылдын январь айынан тартып чет элдик жарандардын Подмосковьеде саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, маданият жана тейлөө тармактарында патент менен иштөөсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар региондук өкмөттүн маалыматына таянуу менен кабарлашты.

Пландалып жаткан өзгөрүүлөрдү губернатор Андрей Воробьев шаар округдарынын башчылары менен талкуулагандыгы айтылды. Региондун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Наталия Масленкина билдиргендей, үч жыл ичинде соода тармагында мигранттардын ишине карата даттануулар жогорулаган.

Анын айтымында, алар патент боюнча иштөөгө тыюу салууну киргизген 22 регионго кошулууга ниеттенишүүдө.

“Мындан тышкары, мигранттарды патент менен көчөдө жайгашкан тез татым жайларында, социалдык багыттарда: спорт, тейлөө, саламаттык сактоо, билим берүү, соцкызматтарда иштөөсүнө чектөө киргизүү сунушталууда. Бул иштер калк менен байланышкандыктан, тилди билүү маанилүү. Ошону менен бирге бул чара ар кандай келип чыга турган конфликттерди азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди ал.

Ошондой эле Масленкина бош калган орундарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары орношо аларын белгилеген.

Россияда ар бир чет элдик жаран ишке орношордо патент алууга милдеттүү. Документти жок болсо, анда мигрант да, жумуш берүүчү да жоопкерчиликке тартылат. Чет элдик жарандарга 45-50 миң рубль, ал эми юридикалык жактарга 800 миңден 1 млн рублга чейин айып пул салынат же 14 күндөн 90 күнгө чейин ишмердүүлүгү токтотулат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх