Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рафик Мамбеталиев күч менен бийликти басып алууга шектелүүдө

Маалыматка ылайык ал УКМК тарабынан кармалды

Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы Рафик Мамбеталиев күч менен бийликти басып алууга шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан кармалып, Биринчи май райондук соту 13-сентябрда аны тергөө бүткүчө, 21-октябрга чейин, үй камагына алган.
Рафик Мамбеталиев 2014 жана 2015-жылдары Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Андан кийин бир жыл Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх