Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиялык блогерлер поезд менен Кыргызстандын кооз жартылышына саякатка чыкты

Анын аркасында өлкөгө жаңы туристтердин келүүсү көбөйөт

Күн мурун түркиялык блогерлерден турган делегация Балыкчы – Токмок багыты боюнча каттаган поезд менен Кыргызстандын кооз жаратылышын көрүү үчүн саякатка чыкты.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, туристтер ВИП жана ВИП-купе вагондорунда жайгашып, Боом капчыгайынын керемет көрүнүштөрүнө суктана алышты.

Саякат учурунда ишкананын кызматкерлери блогерлерге Кыргызстандын темир жол инфраструктурасынын өнүгүүсү тууралуу маалымат беришти.

Түрк блогерлери бул саякаттан алган таасирлери менен учурда миллиондогон аудиториясы менен бөлүшө баштады, бул болсо чет өлкөлүк саякатчылардын Кыргызстандагы уникалдуу пейзаждарга жана анын меймандостугуна болгон кызыгуусун арттырууга жардам берет. Анын аркасында өлкөгө жаңы туристтердин келүүсү көбөйөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх