Жалал-Абадда зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чара өттү
Анда студенттер зордук-зомбулуктун кеспеттери эмнеге алып барарын сахналаштрылган көрүнүштөр аркылуу көргөзүштү
Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы №75 кесиптик лицейде жаштар арасында зордук-зомбулукту болтурбоо жана алдын алууга багытталган иш-чара өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгынын башчысы Алмазбек Раимжанов, мэриянын жана ШИИБнын өкүлдөрү, мугалимдер жана студентер катышты.
Анда студенттер зордук-зомбулуктун кеспеттери эмнеге алып барарын сахналаштрылган көрүнүштөр аркылуу көргөзүштү.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз