Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Зардалы айылына барды

Жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Ал алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Айыл тургундары президентке ыраазычылык билдирип, бул мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти.

Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат.

Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты, ал боюнча президент Садыр Жапаров президенттин Администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх