Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл Кыргызстандан 199 абитуриент Сибирь ЖОЖдоруна окууга кабыл алынды

Алардын ичинен 195и бюджеттик окутуу формасына өткөн

2024-2025-окуу жылына карата Сибирь жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынып, алардын ичинен 195и бюджеттик окутуу формасына өткөн.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Омск жана Томск шаарларындагы ардактуу консулдарынын жардамы менен ишке ашкан.

Кыргызстандык абитуриенттер Сибирдеги төмөнкү жогорку окуу жайларга тапшырышты:

Томск жогорку окуу жайлары - Сибирь мамлекеттик медициналык университети – 12 студент, Томск мамлекеттик университети-105 студент ("Единство" коомдук фондунун көмөгү менен); Томск политехникалык университети – 3 студент жана Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университети – 22 студент;

Омск жогорку окуу жайлары - Омск мамлекеттик медициналык университети – 4 студент, Омск мамлекеттик техникалык университети – 16 студент;

Новосибирск жогорку окуу жайлары - Новосибирск мамлекеттик техникалык университети – 30 студент, Сибирь Мамлекеттик байланыш жолдору университети – 2 студент жана Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университети – 5 студент.

Белгилей кетсек, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү кызматташтыгын бекемдөөнүн жана кеңейтүүнүн алкагында КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан 2023-2024 жана 2024-2025-окуу жылдарына 428 абитуриентке Сибирь жогорку окуу жайларына тапшырууга көмөк көрсөтүлгөн, алардын ичинен 398 абитуриент бюджеттик окуу формасына кабыл алынган.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 26-июндан 3-июлуна чейин Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугу жана Омск жана Томск шаарларындагы КРнын ардактуу консулдары тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтерин кабыл алуу жана кирүү сынактарын өткөрүү үчүн Омск, Томск жана Новосибирск шаарларынын алдыңкы ЖОЖдорунун көчмө кабыл алуу комиссияларынын Бишкек шаарына баруусун уюштурууга көмөк көрсөтүлдү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх