Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен
Бүгүн саат 15:25те Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга (Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз