Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарына Германиянын туризм жаатындагы делегациясы келди

Марс Исаев келерки жылы Ош шаарында бир катар туристтик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады

Күн мурун Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Германиянын Туризм ассоциациясынын (DRV) президенти Норберт Фибиг баштаган делегациянын жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Ош шаарында туризм тармагын өнүктүрүү багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Марс Исаев келерки жылы Ош шаарында бир катар туристтик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштап, бул Ош шаарынын туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана модернизациялоого тиешелүү түрткү бере ала турганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана туризм тармагында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх