Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Винера Раимбачаева БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

Жолугушууда балдардын укугун коргоо жаатында жасалып жаткан иштер талкууланды

Күн мурун Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапаны кабыл алды.

Жолугушууда балдардын укугун коргоо жаатында жасалып жаткан иштер талкууланды.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна караган бардык мекемелер, анын ичинен Балдар фонду менен жигердүү кызматташып келе жатканын белгилеп: “Балдар биздин келечек. Андыктан, келечек ээлерине кам көрүп, алардын жакшы шартта чоңоюшу үчүн керектүү иштерди алып баруу мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири”, – деди.

Ошондой эле балдарга тиешелүү мыйзамдык базаны чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолгон депутат: “Биз Балдар жөнүндө кодексти өзгөртүп, жаңы редакцияда иштеп чыгуу аракетин көрүп жатабыз. Андан тышкары, балдардын укугун коргоо жаатындагы тийиштүү мыйзамдык-укуктук актылар үзгүлтүксүз кабыл алынууда”, – деди.

Мындан тышкары, жолугушууда ар бир бала камкордукка алынышы керектиги айтылып, аз камсыз үй бүлөлөргө жана ата-энеси жок балдарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүү жаатындагы сунуш-пикирлер көтөрүлдү.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа айтылган ар бир сунуш актуалдуу экенин белгилеп, биргелешип иш алып баруу менен өнөктөштүктү өрчөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх