Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы мектеп "Жылдын мыкты мектеби" сынагында жеңүүчү аталды

Маалыматка ылайык «Жылдын мыкты мектебине» 300 миң сомдук сертификат тапшырылды

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыкты. Сынакка катышкан 122 мектептин ичинен, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т. Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Жылдын мыкты мектебине» 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы №69 ОТКнын базасында өтүп, тандоого катышкан бардык мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, «Жылдын мыкты мектеби» сынагына утурлай, учурда “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы өтүп жатат. Сынакка жалпы 128 мугалим катышып, анын ичинен 25 мугалим экинчи турда ат салышууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх