Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү

Даярдыгын жогорку денгээлде көрсөткөндөргө диплом жана Ардак грамоталар тапшырылды

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү.

даярдыгын жогорку денгээлде көрсөткөндөргө диплом жана Ардак грамоталар тапшырылды.Муницпалитеттен билдиришкендей, иш-чарада атайын техникалардын жүрүшү болуп, куткаруу, өрт өчүрүү, тартипти сактоо, милиция, тез жардам кызматтарынын өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам түрдө кырдаалдан чыгып кетүү боюнча практикалык күч-аракеттери көрсөтүлдү.

Ошондой эле Ош шаарынын аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча өткөрүлгөн иш-чарага активдүү катышып, алдына коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткарып, даярдыгын жогорку денгээлде көрсөткөндөргө диплом жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Мындан сырткары, "Жаш куткаруучу" аталышындагы сынакка катышкан окуучулардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, Ош шаардык маданият башкармалыгы, “Келечек” балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх