Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл облусунда 525 азык-түлүк баштыгы таратылды

"Ыйман" фонду мындай иш-чаралар мындан ары да уланаарын белгиледи

Ысык-Көл облусунда 525 азык-түлүк баштыгы таратылды. Бул тууралуу "Ыйман" фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Падыша Салман фонду менен биргеликте уюштурулуп, жалпы элге жардам берүү жана жергиликтүү тургундардын турмуш-шартын жакшыртууга багытталган.

Фонддун төрагасы Жанузак Туран уулунун айтымында, өлкөнүн жетекчилигинин камкордук саясатынын алкагында министрлер кабинети менен "Ыйман" фонду биргеликте коомдогу биримдикти жана өз ара жардамдашууну чыңдоо максатында ушундай иш-чараларды өткөрүп келет.

"Бул биздин элдин ортосундагы кайрымдуулукту, биримдикти жана колдоону күчөтүү үчүн абдан маанилүү кадам болуп саналат.

"Ыйман" фонду мындай иш-чараларды мындан ары да улантып, жалпы коомдун жашоо шартын руханий жана материалдык жактан жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзүүнү улантат", - деп белгиледи ал.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх