Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү "Лагуна Сити" эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

Аталган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 млн АКШ долларын түзөт

Ысык-Көлдөгү "Лагуна Сити" эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызмат тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы, ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында "Лагуна Сити" эс алуу борборунун мүлк комплексинин бир бөлүгү, анын ичинде коттедждер, мончо жана сауна, кафелер жана ресторандар, административдик имараттар мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Аталган мүлктөрдүн алдын ала болжолдуу баасы 5 млн АКШ долларын түзөт.

УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх