Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Асфальт төшөө иштери менен катар Ош – Баткен – Раззаков унаа жолундагы 3 көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 34+400 – 40+400-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жолдун бир тарабынын 1,5 чакырым аралыгына 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары басылды. Аны менен катар жер иштери, жолдун негизин даярдоо жумуштары уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун эки тилкесине (27+960 – 34+400 жана 40+400 – 46+910-чакырымдар аралыгына) асфальттын экинчи катмары төшөлгөн. Бүгүнкү күндө лотокторду орнотуу, тротуар салуу иштери жүрүп жатат.

Асфальт төшөө иштери менен катар Ош – Баткен – Раззаков унаа жолундагы 3 көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Жолдун 63-чакырымындагы (Абшыр-Сай) көпүрөнүн балкалары коюлуп бүтүп, монолит куюу жумуштары аткарылып жатат. Ал эми 43-чакырымында жайгашкан көпүрөдө (Чили-Сай) балкалар толугу менен коюлуп, монтаждоо жумуштарына даярдык көрүлүүдө. Жолдун 29-чакырымындагы көпүрөнүн (Кыркол-Сай) четки устундарынын жетөө бүттү. Аталган тилкелерде жумуштар планга ылайык кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх