Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министри Аксыдагы авариялык абалдагы эки мектепке барды

2022-жылы жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынып, объект 2025-жылга карата сметага киргизилген

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Аксы районундагы авариялык абалдагы эки мектепке барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр мектептердин абалы менен жеринен таанышып, мектеп жетекчилерин жана акимди окуу имараттарынын абалына көңүл буруп, алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Алсак, Сары-Кашка айылындагы № 65 мектеп 2003-жылы ашар жолу менен стандартка жооп бербестен курулган. Эски имарат кошумча имарат катары капиталдык ремонттон өтүп, ошол эле жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө аталган мектепте 426 окуучу билим алып, 39 мугалим эмгектенет.

2022-жылы жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынып, объект 2025-жылга карата сметага киргизилген.

Ал эми Торук айылындагы № 33 орто мектептин имараты эки корпустан турат. Биринчиси Ульянов атындагы колхоз тарабынан 1990-жылы бала бакча үчүн курулган. Анын абалы канааттандырарлык. Экинчиси ашар ыкмасы менен 2002-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан курулган.

2021-жылдын башында мектептин экинчи корпусунда окуу процессин токтотуу боюнча чечим чыккан. Учурда мектепте 438 окуучу билим алып, 34 мугалим жана 11 техникалык кызматкер эмгектенет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх