Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Ош шаарындагы бир катар объектилерди көрүп чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга ишти дыкат аткарууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы бир катар объектилер менен таанышты.

Алсак, минкаб башчысы алгач Ош шаарында курулуп жаткан муниципалдык базарына барды. Жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базардын аймагы 7 гектар болуп, жалпы 2500 орунга ылайыкташтырылган. Учурда базардын курулуш иштери 70% аяктап калган.

Андан соң Акылбек Жапаров Ош шаарынын борбордук стадионунда жасалган иштер менен таанышты. Минкаб башчысына Ош шаарынын борбордук А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери аяктаганы, стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилгени туурасында айтып беришти.

Андан ары минкаб башчысы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн мониторинг жүргүзүү борборунун иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 16-сентябрдан “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салына баштаган. Шаар аймыганда жалпы 60 жерге коопсуздук камералары орнотулган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга ишти дыкат аткарууну тапшырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх