Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто милиция кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

"Бала-бакчабыз балдарыбыз үчүн ааламга жол ачкан билим уясы болушуна тилектешмин"

Күн мурун Ош шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы курулган бала бакча пайдаланууга берилди.

Ага ички иштер министри милициянын Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков, милиция кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

ИИМден билдиришкендей, бул жаңы курулган бала-бакчанын имараты кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган республикалык деңгээлде өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн ачылды.

Улан Ниязбеков бул бала-бакча милиция кызматкерлеринин социалдык муктаждыктарынын бирин чечүү максатында курулганын, эми келечек муунубуз болгон балдарыбыз татыктуу тарбия аларын билдирди.

"Бала-бакчабыз балдарыбыз үчүн ааламга жол ачкан билим уясы болушуна тилектешмин", - деп баса белгиледи ИИМ башчысы.

Иш-чаранын соңунда, министр жана катышуучулар жаңы ачылган имаратка кирип, балдарга түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышып чыгышты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх