Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жумада 188 мас айдоочу аныкталды

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 834 авто унаа айып короо жайына токтотулган

Кыргызстандын аймагында 30-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 51 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 509;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 188;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу– 46;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 599;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 328;
  • авто ээнбаштык – 11;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 миң 748;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 600;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 834 авто унаа айып короо жайына токтотулган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх