Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакында борбор калаада "Билим Бишкек" борбору ачылат

“Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде өтөрү күтүлүүдө

"Билим Бишкек" долбоорун ишке ашыруу үчүн реконструкциядан өтүп жаткан имарат окуучуларды кабыл алууга дээрлик даяр болуп калды. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн Кыргызпатенттин, ТИКА-Бишкек долбоорунун жана Кыргыз улуттук университетинин жетекчилери имараттын курулуш иштери менен таанышышты. Келгендер ушул жерден кечелектеги илимпоздор, ойлоп табуучулар тарбияланып чыгат деген ишенимдерин билдиришти.

“Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде өтөрү күтүлүүдө. Андан соң так илимдерге кызыккан балдарга бул борбор өз эшигин ачат.

"Бул жерде 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар мектептен кийин келип билимин өркүндөтүп, теориялык билимди турмушта колдонууга, ишке ашырууга жана билим алган жаштар эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга шарт түзүлөт", - дешет долбоордун өнөктөштөрү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх