Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун 25 жылдыгына карата бир катар иш-аралар өтөт

14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 обьекттин ачылуу аземи жер жерлерде өтөт

Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алсак, 12-октябрда саат 09:30да Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө-жарманкеси башталат.

Саат 10:30да "Баткендин өнүгүүсү-өлкөнүн өнүгүүсү" аталышында эл аралык инвестициялык форум өтөт.

13-октябрда 9:30да А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын имаратынан алдында Баткен облусунун аймагындагы жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өтөт.

10:00дө А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында илимий-практикалык конференция, ал эми шаарындын борбордук стадионнда улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталат. Башкы байге автоунаа.

15:00дө борбордук стадиондо боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөсү өтөт.

17:00дө борбордук стадиондо майрамдын салтанаттуу бөлүгү башталат. Анын алкагында:

театрлаштырылган көрүнүш
жетекчилердин расмий куттуктоосу
кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы гала концерт
майрамдык салют болот.
14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына 25 обьекттин ачылуу аземи жер жерлерде өтөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх