Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы вакцина сактоочу кампалардын температурасы аралыктан көзөмөлдөнө баштайт

Температураны алыстан көзөмөлдөөчү приборлор бардык эл аралык стандарттарга жооп берет жана ДССУнун алдын ала баалоосуна ээ

Кыргызстандагы облустук вакцина сактоочу кампалар температураны алыстан көзөмөлдөөчү приборлор менен жабдылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бул технология өзгөчө кырдаал болгон учурда тез чара көрүү үчүн муздак бөлмөлөрдөгү температураны реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана мониторинг жасоого мүмкүндүк берет. Вакцинаны сактоого талап кылынган температурасы өзгөрсө, аппарат жооптуу кызматкерлерге температуранын өзгөрүшү жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Бул демилге GAVI, ДССУ жана ЮНИСЕФ тарабынан колдоого алынган вакциналарды сактоону жана жеткирүүнү жакшыртуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин ири долбоорунун бир бөлүгү.

"Кыргызстандын профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык колдонулуучу вакциналар ташуу жана сактоодо белгилүү бир температуралык режимди так сактоону талап кылат, анын бузулушу вакциналардын иммуногендик активдүүлүгүн жарым-жартылай же толук жоготууга алып келет. Ошондуктан, вакцинаны эффективдүү башкаруу үчүн стандарттык операциялык процедуралар республиканын бардык деңгээлдеринде сакталат. Бул жаңы система республиканын бардык аймактарындагы вакциналардын кампаларындагы температураны борборлоштурулуп көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", - дейт Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун кызматкерлери да температураны аралыктан көзөмөлдөөчү приборлорду колдонуу боюнча атайын окуудан өтүштү.

Буга чейин мындай жабдуулар мониторингди жакшыртуу максатында Бишкектеги эки борбордук сактоочу жайга орнотулган. Быйыл бул жабдуулар областтык вакцина кампаларынын муздаткыч камераларына орнотулду. Райондук деңгээлдеги муздаткыч камераларга мындай байкоочу аппараттарды акырындык менен орнотуу пландалууда. с.

Жабдуулардын жалпы баасы 900 миң сомдон ашык (11 миң доллар).

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх