Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан улуттук электр тармактар ААКтын башкы директорунун орун басары кармалды

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду 

Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголду .

Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын кызмат адамдары КР "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип, бир гана тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен 1992-жылы туулган А.А. нын баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалды.

Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх