Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алат
7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталды.
Бул күндөр бейшемби жана жума күндөргө туура келгендигине байланыштуу жумасына беш күн иштеген кызматкерлер 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс ала алышат.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз